
АКШ менен Израилдин Иранга каршы аракеттеринен улам учурда Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө абал тынч эмес. Иран аталган өлкөлөрдөгү АКШнын базаларына сокку уруп, жооп кайтарууда. Жакынкы Чыгыштагы болуп жаткан чыр-чатак Кыргыз өлкөсүнөн ыраак болгону менен, анын кесепети ошол жактагы мекендештерге таасир этүүдө.
Учурда Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө эмгектенген, билим алган биздин мекендештерибиз бар. Алардын бири Дубай шаарында 7 жылдан бери эмгектенип келе жаткан 30 жаштагы Рыскүл Акматова. Ал учурда аталган шаарда сулуулук тармагында кызмат көрсөтүп, тажрыйба жогорулатып келет.
- Белгилүү болгондой, учурда Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүндө абал тынч эмес. Буга карабастан аталган аймакта окуган, эмгектенген мекендештерибиз бар. Сиз да алардын катарында экенсиз. Алгач ал жактагы коопсуздук маселеси, учурдагы абал тууралуу айтып берсеңиз...

- Ооба, акыркы учурда Жакынкы Чыгыштагы кырдаал тууралуу ар кандай маалыматтар чыгып жатат. Бирок мен жашап, иштеп жаткан Дубай шаарында учурда абал туруктуу жана коопсуз десем болот. Бул жерде коопсуздук маселесине өзгөчө көңүл бурулат. Тийиштүү кызматтар абалды дайыма көзөмөлдөп турушат, ошондуктан күнүмдүк жашоодо же жумушта олуттуу коркунуч сезилбейт.
Албетте, чет өлкөдө жүргөндөн кийин ар дайым жаңылыктарды карап, расмий маалыматтарды эске алып туруу маанилүү. Бирок азыр Дубайда жашоо кадимкидей нукта уланып жатат. Мында адамдар иштеп, окуп өз жашоосу менен алек. Жалпысынан айтканда коопсуздук жагынан шарттар жакшы түзүлгөн,

ошондуктан тынч эле жатабыз.
- Абдан жакшы. Эми жумушуңуз тууралуу сөз кылсак. Кыргызстанда сулуулук тармагында иштөө менен ал жакта иштөөнүн кандай айырмачылыктары бар экен?
- Мен биринчи жолу Дубайга 2019-жылы келгем. Ал убакта сулуулук салондордун биринде иштейт элем. Азыркы күнгө чейин ушул тармакта иштеп, тажрыйбамды улам жогорулатып келе жатам. Дубайдагы жумуш менен Кыргызстандагы сулуулук тармагын салыштырганда айырмачылыктар бир топ байкалат. Биринчиден, бул жакта кызмат көрсөтүүнүн деңгээли абдан жогору. Кардарлар сапатка, тазалыкка жана сервистин маданиятына өзгөчө көңүл бурушат. Ар бир кардарга жеке мамиле кылуу, алардын каалоосун так түшүнүү абдан маанилүү. Экинчиден, бул жерде ар кайсы улуттагы кардарлар менен иштейбиз. Ар биринин сулуулукка болгон көз карашы, табити ар башка болгондуктан, чебер катары ар тараптан өнүгүүгө мүмкүнчүлүк түзүлөт. Мисалы, кимдир бирөө табигый көрүнүштү жактырса, башкалары эффекттүү көрүнүүнү каалайт. Ошондой эле Дубайда атаандаштык абдан күчтүү болгондуктан дайыма жаңы техникаларды үйрөнүп, өзүңдү өнүктүрүп туруу зарыл.
Чет өлкөдө жалгыз иштеп, ар кандай кыйынчылыктарды жеңүү менин мүнөзүмдү чыңдап, өзүмө болгон ишенимимди арттырдым. Ошондой эле, эмгегимдин жыйынтыгын көрүп, финансылык жактан да алдыга жылууга мүмкүнчүлүк алдым. Дубай мага "эмгек кылсаң сөзсүз жыйынтык болот" деген ишенимди берди жана келечекке чоң максаттарды коюуга түрткү болду.
- Чет өлкөдө окуу, иштөө эң эле алгач тил билүүнү талап кылат эмеспи, бул жагдай сизде кандай болууда?
- Туура айтасыз, чет өлкөдө окуу же иштөө үчүн тил билүү абдан маанилүү. Мен Дубайга алгач келгенде англис тилинде жакшы билчү эмесмин. Башында бир аз кыйынчылыктар болду, айрыкча кардарлар менен сүйлөшүүдө. Бирок жумуш учурунда тилди практика аркылуу тез эле өнүктүрө баштадым. Тилди бат үйрөнүүгө кардарлар менен күн сайын баарлашуу, кесиптештер менен сүйлөшүү мага чоң жардам берди. Убакыттын өтүшү менен англис тилим жакшырып, эркин сүйлөп калдым десем болот. Учурда чет тилин билүүм жумушумда чоң артыкчылык болуп калды. Анткени ар кандай улуттагы кардарлар менен оңой байланыш түзүп, алардын каалоосун так түшүнө алам. Жалпысынан айтканда, тил башында тоскоолдук болушу мүмкүн, бирок аракет кылып, окуп сөзсүз үйрөнүүгө болот деп ойлойм.
- Учурда Араб, Европа өлкөлөрүндө сулуулук тармагында иштөө актуалдуу болууда. Мунун башкы себеби жакшы киреше табуу мүмкүнчүлүгү десек болобу?

- Ооба, негизги себептердин бири жакшы киреше жана өзүн өнүктүрүүгө болгон мүмкүнчүлүк. Бирок бул тармакта ийгиликке жетүү үчүн бир нече маанилүү нерселерге көңүл буруу керек. Эң алгач кесипкөйлүк, тажрыйба абдан маанилүү. Жөн эле базалык билим жетишсиз, ар дайым өзүңүздү өнүктүрүп, жаңы тренддерди үйрөнүп туруш керек. Андан кийин тил билүү, жок дегенде англис тилин орточо деңгээлде билүү кардарлар менен жакшы байланыш түзүүгө жана жумуш табууга чоң жардам берет. Дагы эң маанилүү нерсе жумушка мыйзамдуу жол менен келүү. Албетте, башында кыйынчылыктар болушу мүмкүн жаңы чөйрө, башка маданият, кардарлардын талаптары дегендей. Бирок чыдамкай болуп, ишиңизди жакшы аткарсаңыз, ийгилик сөзсүз келет демекмин.
- Социалдык тармактагы баракчаңызга көз чаптырсам, ар кандай иш-чараларга катышкан экенсиз, сулуулук тармагынан тышкары дагы эмне менен алексиз?
- Мен мүмкүнчүлүк болгондо ар кандай иш-чараларга катышып, өзүмдү ар тараптуу өнүктүрүүгө аракет кылам. Бул мен үчүн жөн гана кызыгуу эмес, өзүмдү өнүктүрүүнүн бир жолу. Сулуулук тармагынан тышкары, кийим дизайнери катары модага өзгөчө кызыгам. Мода көргөзмөлөрүнө барып, жаңы тренддерди байкап, идея топтоп турам. Бул мага келечекте өз коллекциямды түзүүгө чоң мотивация берет. Мындан тышкары өзүмдүн стилимди өнүктүрүү, визуалдык контент түзүү, социалдык тармактар аркылуу аудитория менен байланыш түзүү менен да алектенем. Бул да азыркы учурда заман талабы да, ар бир адис үчүн

маанилүү болууда. Анан сүрөт тартып, кол өнөрчүлүк кылууга кызыгам. Бош убактым болгондо сүрөт тартып, жан дүйнөмдү эс алдырып турам.
- Алдыда кандай максаттарыңыз бар? Кыргызстанга келип сулуулук тармагына жаңы өзгөрүүлөрдү кошкуңуз келеби?
- Бул тармакта чет өлкөдө иштеп ийгиликке жетүү мүмкүн, бирок ал үчүн даярдык, билим жана жоопкерчилик абдан маанилүү. Алдыдагы негизги максаттарым өзүмдү сулуулук тармагында дагы да өнүктүрүү, эл аралык деңгээлде тажрыйба топтоо жана өз ишимде мындан да жакшы адис болуу. Ар дайым жаңы техникаларды үйрөнүп, дүйнөлүк тренддерден артта калбай иштөөнү көздөйм. Албетте, келечекте Кыргызстанга кайтып барып, сулуулук тармагына өз салымымды кошуу чоң максаттарымдын бири. Чет өлкөдө алган билимимди, тажрыйбамды бөлүшүп, бул жактан үйрөнгөн жаңы ыкмаларды көрсөткүм келет. Мындан тышкары, өзүмдүн сулуулук студиямды ачып, жаш адистерди окутуп, аларга да мүмкүнчүлүк түзүп берүү пландарым бар. Биздин өлкөдө да бул тармакты өнүктүрүп, эл аралык деңгээлге чыгарууга салым кошсом дейм.
- Азаматсыз! Маек үчүн чоң рахмат. Ал жакка барып иштөөнү каалгандарга жакшы маалыматтар болду деп ишенем.