Интернет желесине Ош облусунун Ноокат районундагы Чынгараев атындагы балдар лагеринин видеосу тарады. Жергиликтүүлөр мекеменин учурдагы кейиштүү абалын социалдык тармактарга жарыялап, өлкө башчысы Садыр Жапаровго кайрылышууда.
Алардын айтымында, учурда лагер профсоюздук уюмга карап, балдардын эс алуусуна эч бир шарт түзүлгөн эмес. Алар имаратты Ноокат райондук билим берүү башкармалыгынын карамагына өткөрүп берүүнү өтүнүшүүдө.
"Биз өзүбүздүн бюджеттен жаңы заманбап мугалимдер жана окуучулар дем ала турган борбор кылып куруп алат элек. Кооз жаратылышта жайгашкан лагер качанкыга чейин кароосуз тура берет?",- деп билдиришкен тургундар.