Биз социалдык тармакта

Сокулукта 53 жаштагы Анарбек Исаков дайынсыз жоголду

Сокулук райондук милициясы тарабынан Жумгал районунун тургуну 53 жаштагы Анарбек Исаков дайынсыз болуп, изделип жатат.
Алдын ала маалыматтарга ылайык, 2025-жылдын 21-декабрь күнү ал Сокулук районунун Белек айылындагы Дача Глория көчөсүнүн №14 дарегинде жайгашкан үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып барган эмес.
Белгилери: бою 160–165 сантиметр, арык дене түзүлүштө, чачы кыска, ак аралаш, көздөрү күрөң, өзгөчө белгилери жок.
Кийген кийимдери: кара түстөгү шапка, кара куртка, кара спорттук шым, күрөң түстөгү ботинка.
Эгерде Анарбек Исаковдун жүргөн жери тууралуу кандайдыр бир маалымат болсо, төмөнкү байланыш телефондору аркылуу кабарлап койсо болот: 03134 5-33-80,0558 86-14-86, 0551 41-44-10
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан