Биз социалдык тармакта

Бишкекте жаш сүрөтчүлөрдүн чыгармачылык таймашы уланууда

Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн биринчи Жаштар Дельфий оюндарынын алкагында “Сүрөт искусствосу” номинациясы боюнча сынактын экинчи күнү өтүп жатат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бул маданий иш-чара жаш таланттар үчүн өз өнөрүн көрсөтүүгө жана тажрыйба алмашууга чоң мүмкүнчүлүк болууда.

Сынактын экинчи туру А. Осмонов атындагы Улуттук китепканада өтүп, катышуучуларга жаңы чыгармачылык тапшырмалар берилди. Алар өздөрүнүн чеберчилигин, креативдүүлүгүн жана өзгөчө көркөм көз карашын көрсөтүүгө аракет кылышууда.

Эске салсак, биринчи этапта алдын ала даярдалган эмгектер бааланган болсо, бул жолку турда катышуучулар жандуу форматта иш алып барышууда.

Жеңүүчүлөр бүгүн, 26-мартта аныкталат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан