Кыргызстандын самбо боюнча улуттук курама командасы Москва шаарында өткөн “Самбонун негиздөөчүлөрүнүн кубогу” аттуу эл аралык мелдеште ийгиликтүү катышып, үч коло медаль жеңип алды. Бул тууралуу дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мелдештер 24-26-март күндөрү Лужники спорт комплексиндеги Эл аралык самбо борборунда өтүп, ага дүйнөнүн 10 өлкөсүнөн 200дөн ашуун спортчу катышты.
Жыйынтыгында кыргызстандык спортчулар төмөнкүдөй жыйынтык көрсөтүштү:
– Алай Сартов (71 килограммга чейин) — спорттук самбо;
– Жандос Эсенгазиев (79 килограммга чейин) — спорттук самбо;
– Адил Туратбек уулу (64 килограммга чейин) — күжүрмөн самбо.
Турнирге Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Монголия, Түркия, Армения, Азербайжан, Беларусь, Кипр жана Орусия өлкөлөрүнүн күчтүү спортчулары катышты.