Биз социалдык тармакта

Ошто Сулайман-Тоо музей комплекси туристтик сезонду ачты

Бүгүн Ош шаарындагы Сулайман-Тоо улуттук тарыхый-археологиялык музей комплексинде жаңы туристтик сезонду ачуу иш-чарасы өттү. Бул тууралуу Ош шаардык мэриясынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, иш-чарага Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин жана жергиликтүү бийликтин өкүлдөрү, ошондой эле Орусия, Казакстан жана Өзбекстан консулдуктары, коомдук уюмдар, туроператорлор, ички жана чет элдик туристтер, кол өнөрчүлөр жана жергиликтүү тургундар катышты.

Презентация жана көргөзмөлөр улуттук даамдар, кол өнөрчүлүк, сүрөт жана сувенир жарманкесин камтып, Сулайман-Тоонун тарыхый эстеликтерине экскурсиялар уюштурулду. Иш-чара концерттик программа менен коштолду.

Бул демилге Ошту туристтик жана маданий борбор катары өнүктүрүүгө, ошондой эле жергиликтүү туризмди стимулдоого багытталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан