Бүгүн Ош шаарында жарандардын кайрылуулары менен иштөөнү жакшыртуу максатында жолугушуу өттү. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын негизги максаты – шаардагы коомдук коопсуздукту талкуулоо, актуалдуу көйгөйлөрдү биргелешип чечүү жана бийлик менен элдин тыгыз диалогун камсыз кылуу.
Тургундар негизинен төмөнкү маселелерди көтөрүштү:
• Инфраструктуралык көйгөйлөр
• Коммуналдык кызмат көрсөтүүлөр
• Турак жай шарттары
• Мыйзамсыз курулуштарга байланыштуу иштер
• Жол коопсуздугу жана укук бузуулар
Жолугушуунун жыйынтыгында бул маселелердин баары коомдук жоопкерчиликти талап кылары жана мындан ары да эл менен тыгыз байланышта иштөө, мыйзамдуулукту бекемдөө милдети коюлду.