Бишкек шаарында айыл чарбасынын абалы боюнча каттоо жүргүзүлүүдө. Бул иш-чара тармак тууралуу толук жана так маалымат топтоого багытталган. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, алынган маалыматтар айыл чарбанын учурдагы абалын баалоого жана мындан аркы чечимдерди туура кабыл алууга жардам берет.
Шаар тургундарынан каттоочуларга түшүнүү менен мамиле кылып, так маалымат берип жана зарыл көмөк көрсөтүү суралууда.
Кошумча маалымат алуу үчүн тиешелүү райондук өкүлдөргө кайрылса болот.