Кечээ, 26-мартта "Ала-Тоо" эс алуу борборунда Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин биринчи жаштар Дельфий оюндарынын алкагында "Ди-джей" номинациясы боюнча сынак ийгиликтүү өттү. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы билдирди.
Маалым болгондой, катышуучулар жогорку деңгээлдеги чеберчилигин, оригиналдуулугун жана креативдүүлүгүн көрсөтүштү.
Жеңүүчүлөр:
• Архипов Иван — алтын медаль;
• Нечаев Евгений — күмүш медаль;
• Коньшина Анастасия — коло медаль.
Сынак ар кайсы өлкөлөрдөн келген жаш таланттардын ортосунда тажрыйба алмашууга жана чыгармачылык байланыштарды өнүктүрүүгө өбөлгө түзгөндүгү маалыматта кошумчаланды.