Таласта биринчи жолу 9 кабаттуу ипотекалык үйлөр салынып жатат. Бул тууралуу президенттин Талас облусундагы өкүлү Эрмат Жумаев "Биринчи радиого" курган маегинде билдирди.
"9 кабаттуу үйлөр биздин облустун тарыхында биринчи жолу курулуп жатат. Буга чейин 5 кабаттуу имараттар эле салынып келген",- деди ал.
Жумаев ипотекалык үйлөрдүн салынышы облуска жаш кадрлардын келишине себепчи болорун кошумчалады.