Өлкөдө маркумдун сөөгүн кремациялоону (өрттөөнү) 2040-жылга чейин токтото туруу сунушталды. Мамлекеттик кадр кызматы иштеп чыккан мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.
Документте башкы себеп катары өлкөдө крематорийлердин иштеши үчүн тиешелүү инфраструктура жок экени белгилеген. Долбоордо крематорийлерди курууну жана иштетүүнү каржылоо булактарын табуу, ошондой эле аларды жайгаштыруу жана иштетүү тартибин аныктоо менен байланышкан маселелерди иштеп чыгуу керектиги айтылат.
"Кремациялоо практикасын киргизүүгө байланыштуу уюштуруучулук, социалдык-маданий жана башка жагдайларга кошумча талдоо жүргүзүү, ошондой эле бул чөйрөнү укуктук жөнгө салуунун комплекстүү механизмин иштеп чыгуу зарыл",- деп айтылат документтин негиздеме-маалымкатында.
Мыйзам долбоору “Маркумду узатуу жана сөөгүн жайга коюу иши жөнүндө” мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү көздөйт. Аталган мыйзамда маркумдун сөөгүн кремациялоого уруксат берилген.