Биз социалдык тармакта

Ырчы Эмил Балтагулов жаңы кызматка дайындалды

Белгилүү ырчы Эмил Балтагулов Жалал-Абад облустук филармониясынын директору болуп дайындалды.
Маданият министрлиги билдиргендей, ырчы аталган кызмат ордуна 3 айлык сыноо мөөнөтү менен дайындалган.
Эмил Балтагулов 1981-жылдын 28-сентябрында Жалал-Абад облусунун Чаткал районундагы Терек-Сай шаарчасында төрөлгөн. 2004-жылы Ош мамлекеттик университетинин искусство факультетинин музыка бөлүмүн артыкчылык диплому менен аяктаган.
Ал Ош мамлекеттик университетинде окутуучу болуп эмгектенген, Чаткал районундагы маданият үйүндө көркөм жетекчи, Жалал-Абад облустук филармониясында артист жана директордун орун басары болуп иштеген. Ошондой эле Жалал-Абад маданият техникумунун жана Барпы атындагы облустук кыргыз драма театрынын директору кызматтарын аркалаган. 2022-2024-жылдары Токтосун Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясынын директору болуп иштеген.
Ал бир катар эл аралык жана республикалык сынактардын лауреаты. Анын ичинде "Улуттар аралык классика-2004" фестивалынын лауреаты, "Мыкты аткаруучу-2000" сынагынын байге ээси, ошондой эле Рыспай Абдыкадыров атындагы ырчылар сынагынын жеңүүчүсү.
Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин Ардак грамотасы жана “Маданияттын мыкты кызматкери” төш белгиси менен сыйланган.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан