Ошто жеке ишкер мурдагы вице-мэр алардан акча каражатын опузалагынын айтып чыкты. Бул маалымат кечээ, 26-мартта шаар башчысы Жанар Акаев менен күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринин эл менен болгон жолугушуусунда көтөрүлдү.
Жеке ишкердин айтымында, Ак-Буура дарыясынын жээгинен 250 метр алыстыкта жайгашкан 44 объектти бузбай, алып калуу үчүн мурунку биринчи вице-мэр алардан 200 миң доллар талап кылган. Аларга үч күндүк мөөнөт берилгени менен андай сумманы чогултуша алган эмес. Арыз ээлери эми курулуштарынан ажырап отурганын билдиришти. Бул маселе боюнча прокуратурага 11 жолу арыз берилгени менен майнап чыкпай келет. Ал эми вице-мэр каражатты мэр сурап жатканын айтып жүйө келтирген.
Шаар башчысы Жанар Акаев маалымат учурда тиешелүү кызматтар тарабынан иликтенип жатканын билдирди. Ал ошондой эле кысым көрсөткөндөр мэрияда дагы иштеп жатканын айтып, далил табылса тиешелүү чара көрүлөрүн кошумчалады.