
Чүйдүн Жайыл районунда тоголок жетим балдар жер тилкелери менен камсыздалышты. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалымдалгандай, Ак-Башат айыл өкмөтүндө ата-энесинен ажыраган 9 балага жер тилкелери бөлүнүп берилип, турак жай куруу үчүн жеке менчик укугун тастыктаган мамлекеттик актылар тапшырылган.