Биз социалдык тармакта

Садыр Жапаров менен Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөштү

Бүгүн, 27-мартта өлкө башчы Садыр Жапаров менен Орусиянын президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөштү. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Кыргыз-Орусия кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги айрым темалар талкууланган.

Мамлекет башчылар өлкөлөр ортосундагы саясий диалогдун жогорку деңгээлин белгилешип, эки жактуу мамилелерди союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк духунда мындан аркы чыңдоого берилгендигин ырасташкан.

Ошондой эле эки өлкөнүн лидерлери өз ара аракеттенүүнүн негизги багыттары, анын ичинде соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөр боюнча пикир алмашканы маалым болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан