Биз социалдык тармакта

Төрага кайрымдуулук фонддору менен кызматташууну күчөтүүгө чакырды

Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев айрым кайрымдуулук уюмдарынын өкүлдөрүн кабыл алып, социалдык долбоорлорду ишке ашыруудагы кызматташуу маселелерин талкуулады. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жолугушууга бүткүл дүйнөлүк жаштар ассамблеясы, Ас-Сафа жана Исар фонддорунун өкүлдөрү катышты. Анда учурда жүргүзүлүп жаткан кайрымдуулук иштер жана долбоорлор тууралуу сөз болду.

Төрага кайрымдуулук уюмдарынын калктын жашоо шартын жакшыртууга кошкон салымын жогору баалап, ыраазычылык билдирди. Ошол эле учурда координациянын жетишсиздигинен улам айрым долбоорлор кайталап ишке ашып жатканын белгиледи. Анын айтымында, айрым айылдарда бир эле учурда эки медициналык пункт курулуп, башка аймактар көңүл сыртында калып жаткан учурлар бар.

Ошондой эле депутаттар да аймактарда социалдык объекттерди курууда кайрымдуулук уюмдары менен биргеликте иш алып барып жатканын кошумчалады. Төрага мындан ары бул багытта бирдиктүү система түзүп, мамлекеттик органдар менен фонддордун ишин шайкеш жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

Өз кезегинде фонд өкүлдөрү сунуштарды колдоп, биргелешкен ишке даяр экенин билдиришти. Алар аймактардагы иштери тууралуу маалымат берип, айрым көйгөйлөрдү да көтөрүштү. Тактап айтканда, бюрократиялык тоскоолдуктардан улам айрым курулган медициналык жайлар ишке берилбей жатканы жана жаңы объекттерди курууга уруксат алуу кыйынчылыктары бар экени айтылды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан