Эртең, 30-мартта Ош, Жалал-Абад облустарынын бийик тоолуу аймактарында жаан-чачын күтүлөт. Ал эми өлкөнүн башка аймактарында күн ачык болот.
Синоптиктердин маалыматына ылайык, абанын температурасы төмөндөгүдөй болот:
- Чүй өрөөнүндө түнкүсүн +5... +10, күндүз +22... +27;
- Талас жергесинде түнкүсүн +1... +6, күндүз +18... +23;
- Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +9... +14, күндүз +21... +26;
- Нарын аймагында түнкүсүн -3... +2, күндүз +14 .. +19;
- Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -2... +3, күндүз +14... +19;
- Бишкек шаарында түнкүсүн +5... +7, күндүз +24... +26 градус жылуу болот.