Биз социалдык тармакта

Өлкө тарыхында биринчи жолу Бишкек-Гуанчжоу аба каттамы ачылды (видео)

Кечээ, 29-мартта өлкө тарыхында биринчи жолу Гуанчжоу – Бишкек – Гуанчжоу багыты боюнча алгачкы аба каттамы ийгиликтүү аткарылды. Бул тууралуу "Кыргызстан аэропорттору" мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Маалым болгондой, жаңы каттам туруктуу негизде жумасына эки жолу, шаршемби жана жекшемби күндөрү "China Southern Airlines" авиакомпаниясы тарабынан аткарылып турат. Алгачкы каттам менен "Манас" эл аралык аэропортуна 134 жүргүнчү келип түшсө, кайра Гуанчжоу шаарына 104 жүргүнчү учуп кеткен.

Мекеменин төрагасы Манасбек Самидинов бул окуяга жогору баа берип, бул каттам маршруттук тармакты кеңейтүүдө жана өлкөнүн эл аралык байланыштарын чыңдоодо маанилүү кадам болуп эсептелерин билдирди.

"China Southern Airlines" азыркы учурда Бишкек – Пекин багыты боюнча жумасына алты жолу каттам аткарып келет.

Өлкө тарыхында биринчи жолу Бишкек-Гуанчжоу аба каттамы ачылды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан