Бүгүн, 30-мартта саат 00:07де Жалал-Абад облусунун Кара-Көл шаарында жер титирөө катталды. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институнан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогу Көл айылынан түндүк-батышка карай 18 чакырым аралыкта, ал эми Кара-Көл шаарынан түндүк-батышка карай 58 чакырым аралыкта жайгашкан.
Калктуу конуштарда жер титирөөнүн күчү 2 баллга чейин сезилген.