Бишкекте көчөнүн ортосуна таштанды таштаган айдоочунун видеосу тарады. Мындай видеону вице-мэр Рамиз Алиев социалдык тармактагы баракчасына жарыялап, "Тазалык сенден башталат" деп билдирүү калтырды.
Видеодон айдоочу унаасынын багажынан таштандыларды алып чыгып, жолдун ортосуна таштап койгонун көрүүгө болот.