Биз социалдык тармакта

Үч эсе өскөн бюджет, санариптештирүү... Бишкектин транспорт тармагы боюнча ачык кеңешме өттү

Бүгүн, 30-мартта Бишкек шаарында борбор калаанын "Шаардык жол-транспорттук инфратүзүм" муниципалдык ишканасынын былтыркы жылга карата отчёттук иш-чарасы болуп өттү.

Иш-чарада ишкананын директору Бакай Асылбек уулу ишкананын бюджети 2025-жылы 2024-жылга салыштырмалуу үч эсе өскөнүн белгиледи.

“Биздин кызматкерлерибиздин күнү-түнү тынбай кылган эмгегинин негизинде бюджетибиз 8 айда 134 миллиондон 400 миллион сомго жетип, рекорддук көрсөткүчтү багындырдык. Буюрса, быйылкы жылы бюджетти 500 миллион сомго жеткирүү планын коюп жатабыз”,- деди ал.

Ошондой эле Асылбек уулу учурда шаардын борбордук бөлүгүндөгү унаа токтотуучу жайларга QR-код системи орнотулуп жатканын белгилеп, жакынкы аралыкта Бишкектин борбору толугу менен автоматташтыруу системине өтөрүн айтты. Бакай Асылбек уулу белгилегендей, QR-код системинен түшкөн каражат түздөн-түз жергиликтүү бюджетке түшөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан