Биз социалдык тармакта

Чүйдө интернаттын 8,8 миллион сомдук жери 36 миңге сатылып кеткени аныкталды 

Чүйдө жетим жана ата-энесинин камкордугусуз калган балдар тарбияланган мектеп-интернатынын жери мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалыматка ылайык, Панфилов районунун Кайыңды көмөкчү мектеп-интернатына караштуу 0,32 гектар жер тилкеси мыйзам талаптарын одоно түрдө бузуу менен жеке жактарга 36 миң 537 сомго бааланып, сатылып кеткендиги аныкталган.
Көрүлгөн прокурордук чаралардын жыйынтыгында, көмөкчү мектеп-интернатына тийиштүү болгон 8 миллион 883 миң сомду түзгөн жер тилкеси Кайыңды шаардык мэриясынын балансына кайтарылды.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан