Биз социалдык тармакта

Транспорт министрлиги быйыл кайсы жолдор оңдоло турганын билдирди

2026-жылы өлкө ичиндеги стратегиялык жана жергиликтүү маанидеги автожолдор оңдолот. Бул тууралуу 30-мартта Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мамлекеттик бюджеттин эсебинен учурда курулушу уланып жаткан долбоорлор:
  • Балыкчы — Бөкөнбаев — Каракол;
  • Нарын — Баетов;
  • Ала-Бука — Жаңы-Базар — Кировка;
  • Сафаровка — Барпы жолдору улантылат.
Ошондой эле Түндүк — Түштүк альтернативдик жолундагы кошумча 5 курулманын:
  • Барскоон – Бедел жолунун;
  • Бишкек шаарынын түндүк айланма жолу;
  • Лебединовка – ГЭС-5;
  • Бишкек – Кант;
  • Арашан – Чуңкурчак;
  • Бишкек – Күн-Туу – Шопоков сыяктуу объектилердин курулушу улантылат.
Инвестициялык долбоорлордун эсебинен төмөнкү иштер улантылат:
  • "Суусамыр – Талас – Тараз" автожолун реконструкциялоо (IV фаза);
  • Корумду – Балбай Баатыр участогу;
  • Барскоон айылынан Каракол шаарына чейинки участок.
Жаңы долбоорлор:
  • Профсоюз көчөсү – 8,5 чакырым;
  • Жаны Ош базарына барчу жол – 8,7 чакырым;
  • Чолпон-Ата шаарын айланып өтүүчү жол – 15 чакырым;
  • Ак-Суу районундагы Бозучук – Жыргалан унаа жолунун 14,5 чакырым аралыгына асфальт-бетон төшөө;
  • Ак-Суу районундагы «Жыргалаң» («Ала-Тоо резорт») тоо лыжа базасына барчу 8,5 чакырымдык альтернативдик жолду, ошондой эле ага туташуучу жана технологиялык жолдорду долбоорлоо жана куруу;
  • Жети-Өгүз – Койсары (Жети-Өгүз курорту) унаа жолунун 15 чакырым аралыгын реконструкциялоо;
  • Узундугу 51 чакырымды түзгөн Тамдык – Кишемиш – Дөнөн – Булак-Башы унаа жолун долбоорлоо жана куруу.

Белгилей кетсек, "Мамлекеттик капиталдык салымдар" беренеси боюнча 700 чакырым, ал эми Титулдук тизме боюнча 457 чакырым жолду куруу жана оңдоо каралган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан