Биз социалдык тармакта

Жакынкы Чыгыштагы абал: Ирандын Харк аралы эмне үчүн АКШга маанилүү болууда? 

АКШ, Израил жана Иран ортосундагы жаңжал дээрлик бир айдан ашык убакыттан бери уланууда. Жакынкы Чыгыштагы чыңалуу күчөп турган шартта Ирандын Харк аралы Ормуз кысыгы сыяктуу кайрадан дүйнөнүн көңүл борборунда. Бул кичинекей арал географиялык жактан чакан болгону менен, энергетикалык жана аскердик жактан өтө чоң мааниге ээ.

Харк аралы кайда жайгашкан?

Харк аралы Ирандын түштүк жээгинде, Перс булуңунда жайгашкан. Аралдын узундугу орто эсеп менен 8 чакырымдай, туурасы 4 чакырымга жетпейт. Харк аралы чакан болгону менен анын аймагында ири мунай сактоочу жайлар жана экспорттук терминалдар жайгашкан.

Иран үчүн Харк аралынын мааниси

Аралдын мааниси биринчи кезекте мунай менен байланыштуу. Иран экспорттогон мунайдын 90 пайызы дал ушул арал аркылуу дүйнөлүк рынокко чыгат. Мында ири мунай сактоочу кампалар жана жүктөө терминалдары жайгашкан. Мындан улам бул алар дүйнөлүк энергетика рыногуна түз таасир бере алат. Эгер бул арал иштен чыкса же көзөмөл өзгөрсө, Ирандын экономикасына чоң сокку урулушу мүмкүн.

Харк аралы эмне үчүн АКШга маанилүү болууда?

АКШ жана Израил менен болгон жаңжалда Харк аралы маанилүү стратегиялык чекит катары каралууда. Эгер АКШ тарап каалап жаткандай аралды көзөмөлүнө алса, Ирандын мунай агымын көзөмөлдөө дегенди билдирет. Бул Иранга экономикалык жана саясий басым жасоонун күчтүү куралы. Мындан тышкары Перс булуңундагы аскердик үстөмдүктү камсыздоого да чоң жардам берет.

Ушуга байланыштуу АКШ президенти Дональд Трамп Иран бийлигине жаңжалды тынчтык келишими менен токтотуу үчүн талаптарды сунуштап, Харк аралын алууну көздөп жатат.

Коркунучтары жана кесепеттери

Учурда Ирандын Харк аралы жана Ормуз кысыгы Жакынкы Чыгышта гана эмес, дүйнөлүк экономика ал гана эмес АКШга да өз таасирин тийгизип жатканын көрүүдөбүз.

Эксперттердин айтымында, аралга кол салуу же аны басып алуу аракеттери түздөн-түз Иран менен куралдуу кагылышууну күчөтүшү мүмкүн. Ошондой эле мунай жеткирүүдө Харк аралы негизги экспорттук борбор болгондуктан, мунай жеткирүү үзгүлтүккө учурайт. Мындай окуялар Перс булуңундагы коопсуздукту начарлатып, деңиз жолдорунда кооптуулук жаратышы ыктымал.

Азыркы тапта Иран аталган аралга кошумча күчтөрдү жайгаштырып, абадан коргонуу системаларын орноткон. Мындан тышкары аралга талаа миналары коюлуп, ракеталар жана көчмө учуруучу түзүлүштөр жайгаштырылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан