
Бишкекте алдамчылыкка шектелип 33 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, ал былтыр декабрь айында жабырлануучунун ишенимине кирип, чет өлкөлөрдөн айыл чарба техникаларын алып келем деген убадасы менен андан ири өлчөмдө акча алган. Акчаны алган соң ал байланышка чыкпай, өзүнө алган милдеттерин аткарбай кеткен. Жабырлануучу милицияга быйыл февралда арыз менен кайрылган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренеси (Алдамчылык) менен кылмыш иши козголуп, шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Учурда териштирүү иштери уланууда.