Бишкекте унаа жолдун ортосунда мушташкан 2 жаран кармалды. Бул тууралуу Биринчи Май райондук ички иштер бөлүмү билдирди.
Маалыматка ылайык, бүгүн, 30-мартта жол тескөөчүлөр Жибек Жолу кең көчөсүндө кызмат өтөп жүрүп, эки жарандын мушташып жатышканын байкашкан жана дароо чара көрүшкөн.
Натыйжада 36 жана 18 жаштагы жарандарга Укук бузуулар кодексинин 126-беренеси (Майда бейбаштык) менен протокол түзүлүп, алар убактылуу кармоочу жайга киргизилишти.