Бишкек шаарынын айрым райондорунда 2-апрель күнү суу өчүрүлөт. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, турак жайлар, мектептер, бала бакчалар, саламаттыкты сактоо мекемелери жана башка социалдык жана өнөр жай объектилери саат 9-00 дон 20-00го чейин суусуз калат.
Өчүрүлө турган аймактар:
• Ала-Арча суусу – Темир жол линиясы – Жибек Жолу проспекти – Жаш Гвардия бульвары
• Жаш Гвардия бульвары – Темир жол линиясы – Фрунзе көчөсү – Манас проспекти
• Дэн Сяопин проспекти – Ала-Арча суусу – Бөкөнбаев көчөсү – Кулиев көчөсү – Москва көчөсү – Пишпек көчөсү – Фучик көчөсү – Казаков көчөсү
Өчүрүү “Запад-2” суу топтомосунда жана шаардык суу түтүк тармактарында оңдоо иштерине байланыштуу жүргүзүлөт.
Бишкексууканал тургундардан кечирим сурап, ичүүчү сууну алдын ала камдап алууну өтүнөт.