Биз социалдык тармакта

Чүй электр тармактар ишканасында коррупцияга шектелгендер кармалышты

“Кыргызстандын улуттук электр тармактары” ААКсына караштуу Чүй электр тармактар ишканасында коррупциялык көрүнүштөр аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-март күнү сатуу кызматынын Аламүдүн районунун Лебединовка участогунун башчысы Ж.Э.Ж., ошондой эле инспекторлор К.А.Ж. жана М.А.М. 70 миң сом өлчөмүндө пара алуу учурунда кармалган. Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 342-беренесинин 2-бөлүгүнүн 3-пунктуна ылайык “Кылмыштардын бирдиктүү реестри” системасына катталган.

Кармалгандар УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

Учурда УКМК мындай фактыларды жана башка тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча кошумча ыкчам тергөө иштерин улантууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан