Биз социалдык тармакта

Кыргызстан глобалдык тоо өнөктөштүгүндө лидерлик позициясын бекитти

Андорра Княздыгында өткөн Глобалдык тоо өнөктөштүгүнүн жетинчи жолугушуусунда Кыргызстандын атынан президенттин атайын өкүлү Динара Кемелова катышты. Бул тууралуу президенттик администрациядан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Кыргызстан тоолуу аймактарды илгерилетүү боюнча демилгелерди көтөрүп, глобалдык тоо күн тартибинин активдүү жактоочусу катары таанылды.

Жыйынтыктоочу жыйында Кыргызстан жетектөөчү комитетке кийинки төрт жылга кайрадан шайланып, төрагасынын биринчи орун басары болуп бекитилди. Мындан тышкары жакынкы төрт жылга жалпы күн тартибин аныктаган Андорра декларациясы кабыл алынды.

Кемелова өз сөзүндө “Бишкек+25” Экинчи Глобалдык тоо саммити 2027-жылдын 21-23-октябрында өтөрүн жарыялады жана тоолуу аймактарда экотуризм жана органикалык өндүрүштү өнүктүрүү боюнча кыргызстандык тажрыйбаларды тааныштыруу мүмкүнчүлүгүн алды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан