Биз социалдык тармакта

Токмокто Көлбаевдин адамдарына таандык курал-жарак сактоочу жай табылды

Токмок шаарында маркум кримтөбөл Камчы Көлбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнө таандык курал-жарактар сакталган жай табылды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, аталган жайдан 2 кесилген мылтык, 2 мина, 1 өзүн-өзү жардыруучу түзүлүш, 1 граната, тротил, 1 беткап, 2 бычак, 3 жандыргыч жана ар кандай калибрдеги патрондор чыккан. Куралдарга соттук-баллистикалык экспертиза дайындалып, алардын мурда жасалган кылмыштарда колдонулган-колдонулбагандыгын аныктоо боюнча тергөө иштери жүрүүдө.

"Курал-жарак өзгөчө оор кылмыштарды жасоо үчүн, анын ичинде өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштыруу үчүн арналгандыгын жокко чыгарууга болбойт",- деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан