Биз социалдык тармакта

Ат-Башыдагы мыйзамсыз иш аныкталды

Нарындын Ат-Башы айыл аймагында жаңы атайын техникаларды сатып алууда мамлекетке 5 миллион 363 миң сом өлчөмүндө зыян келтирилгени аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди.

Маалыматка ылайык, былтыр апрель айында Ат-Башы айыл аймагында жаңы таштанды ташуучу унааны жана жаңы кран-манипуляторду сатып алуу боюнча тендер жарыялаган. Натыйжада, "В." ЖЧКсы жеңүүчү деп табылып, жалпысынан 10 миллион 863 миң сомго келишим түзүлгөн. Көрсөтүлгөн атайын жабдуулар "Ат-Башы Тазалык" муниципалдык ишканасынын балансына өткөрүлүп берилген.

Атайын кызмат тендерден кийин жеткирилген таштанды ташуучу унаанын шасси номуру өзгөртүлгөнү, унаа 2019-жылдан берки тетиктер жана компоненттер менен жабдылып, салону кайра сырдалганы аныкталганын белгиледи. Натыйжада, аныкталган зыяндын орду толтурулуп, тендердин квалификациялык талаптарына жооп берген 5 миллион 363 миң сомдук жаңы DONGFENG таштанды ташуучу унаасы алынып келинген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан