Нарында жакын тууганын өлтүрүүгө шектелип 39 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Нарын облустук милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, окуя 2014-жылы болгон. Ошол жылдын 24-майында Эмгек-Талаа айылынын 49 жаштагы тургуну үйүнөн чыгып кеткен боюнча дайынсыз экени кабарланган. Милиция факт боюнча кылмыш ишин ачып, издөө иштерин баштаган.
Деген менен иликтөө көпкө созулган. Натыйжада, 2014-жылдын 25-майына караган түнү маркум менен анын жакын тууганынын ортосунда мурдагы үй-бүлөлүк чыр-чатактардан улам мушташ чыгып, маркум оор жаракат алгандыктан аны шектүү Нарын дарыясына ыргытып салганы аныкталган.
Бул факт боюнча Кылмыш жаза кодексинин 122-беренесинин 2-бөлүгү (Адам өлтүрүү) менен кылмыш иши козголуп, шектүү камакка алынды.