Ош облусунун Кара-Суу районунда жер тилкелерин мызамсыз менчиктештирүүгө шектелип бир топ аткаминер кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат борбору билдирди.
Маалым болгондой, 2011-жылы Манас айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары жеке материалдык байлык топтоо максатында Ош шаарынын жанында жайгашкан 0,77 гектар аянттагы айыл чарба жерлерин мамлекеттен жеке менчикке мыйзамсыз өткөрүп беришкен. 2024-жылы аталган аймактын башчысы айыл чарба багытындагы жерлерди "калктуу конуштардын жерлери" категориясына өзгөртүп берип, алар кымбатка баалаган. Андан соң аталган жер тилкеси көп кабаттуу турак жай куруу үчүн үчүнчү жактарга сатылган.
Тергөөнүн жүрүшүндө Жер ресурстары мамлекеттик агенттигинин 4 кызматкери Ш.З., А.Ж., Ч.Д., М.Э. жана Манас айыл өкмөтүнүн 2 кызматкери Р.А. жана Х.Н. коррупция боюнча кармалып, тергөө иштери уланууда.