Израилдин парламенти терроризм үчүн айыпталгандарга өлүм жазасын колдонуу боюнча мыйзамды кабыл алды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти.
Мыйзам долбоорун "Оцма Йехудит" партиясы сунуштаган. Аны премьер-министр Биньямин Нетаньяху да колдогон. Жалпысынан добуш берүүдө 62 депутат колдоп, 48и каршы болгон.
Жаңы мыйзамга ылайык, теракт учурунда атайылап адам өлтүргөндөр өлүм жазасына тартылышат. Өкүм дарга асуу аркылуу аткарылып, сот чечими чыккандан кийин 90 күндүн ичинде ишке ашырылат.
Соттор айрым учурларда өлүм жазасы же өмүр бою эркинен ажыратуу жазасынын ортосунда тандоо жасай алышат. Айрым маалыматтарга караганда, мыйзам көбүнчө палестиналыктарга тиешелүү.