Бүгүн, 31-мартта Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде ордо оюну боюнча Кыргызстандагы клубдар аралык чемпиондуктун 1-туру расмий түрдө башталды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.
Маалым болгондой, ачылыш аземине Спорттун улуттук түрлөрү боюнча дирекциясынын директору Улукбек Өмүрбеков, спортчулар, күйөрмандар катышты.
"Мелдеште өлкөнүн бардык аймактарынан келген жалпы 8 команда күч сынашат. Оюндар 2-апрелге чейин уланат. Ордо оюну боюнча клубдар аралык чемпиондук өлкөдө биринчи жолу өткөрүлүп жатат. Чемпиондуктун 2-туру Жалал-Абад облусунда, 3-туру Бишкек шаарында күз айларына чейин өткөрүлөрү пландалууда",- деп белгиленген маалыматта.