Бишкектеги түнкү интернет-клубдардын биринде баңгизат колдонуп келген 18 жаштагы жигит аныкталды. Бул тууралуу борбор калаанын милициясы билдирди.
Маалыматка ылайык, андан баңгизаттарды колдонууга ылайыкташтырылган желим бөтөлкө табылган. Бул факт каттоого алынып, тергөөгө чейинки текшерүү башталган. Ага карата медициналык күбөлөндүрүү жүргүзүлүп, жыйынтыгында гашиш колдонгону аныкталган.