
Ысык-Көлдүн Түп районунда жалпы баасы 70 миллион 300 миң сомду түзгөн кыймылсыз мүлктөр мамлекетке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура билдирди.
Маалымдалгандай, Түп мамлекеттик атайын чарбасына караштуу пансионаттын ашкана комплекси жана 3 гектар жер тилкеси 1998-жылы мыйзамсыз жеке жактарга берилип кеткен.