Ош облусунун Кара-Суу районунда мал уурдоого шектүүлөр кармалышты. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Маалым болгондой, 22-мартта милицияга аталган райондун тургуну арыз менен кайрылып, койлорун белгисиз адамдар уурдап кеткендигин билдирген.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси (Мал уурдоо) боюнча кылмыш иши козголду. Натыйжада кылмышка шектүү катары 2007-жылы туулган К.М., 2008-жылы туулган К.А. жана 2006-жылы туулган Т.у.А. аттуу жарандар кармалып, камакка алынды.
Алынган маалымат боюнча, алар мындан башка дагы 16 кой, 2 бодо мал уурдашканы айтылды. Жабырлануучуларга келтирилген болжолдуу чыгым 820 миң сомду түзүп, анын 200 миң сому кайтарылды. Учурда тергөө амалдары уланууда.