Жогорку Кеңештин депутаты Улан Примов Токой чарбасын өзүнчө агенттик кылуу керектигин айтты.
"Бүгүнкү күндө Токой кызматы Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдында. ӨКМдин функциясы такыр башка, ал эми Токой чарбасыныкы да башка. Ошондуктан өзүнчө бөлүү жагын карасаңыздар",- деди ал бүгүн, 1-апрелдеги парламент жыйынында.