Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева айрым мамлекеттик мекемелерде кызматкерлерди эмгек өргүүгө чыгарууда мыйзамсыз аракеттер болуп жатканын айтты.
"Эмгек өргүүгө чыгам" деген жарандарга макул болбой, "чыксаңар андар ары арызыңарды жазып, жумуштан кеткиле" деген учурлар болуп жатыптыр. Эми бул Эмгек кодексин бузуу да",- деди эл өкүлү бүгүн, 1-апрелдеги парламент жыйынында.