Биз социалдык тармакта

Чүйдө куралды мыйзамсыз колдонууга шектүүлөр кармалышты (видео)

Чүй облусунда куралды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелген жарандар кармалышты. Бул тууралуу облустук милиция билдирди.
Маалым болгондой, Сасык-Булак айылынын түштүк тарабындагы тоолуу аймакта жайгашкан кошараларда ок атуучу куралдар жана башка тыюу салынган буюмдар мыйзамсыз сакталууда деген ыкчам маалымат түшкөн. Ттинтүү иштеринин натыйжасында 1994-жылы туулган С.Э. аттуу жарандан ТОЗ-8 үлгүсүндөгү 1 даана сайлуу ок атуучу курал, ага тиешелүү 70 даана ок, ошондой эле 3 даана сайсыз курал (ИЖ-16, ИЖ-28, ИЖ-32) жана аларга тиешелүү 42 даана ок табылды.
Ал эми 1986-жылы туулган Т.Р. аттуу жарандан сайлуу куралга тиешелүү 7 даана ок, "Мосин" системиндеги 1 даана сайлуу ок атуучу курал, 1 даана ИЖ-16 үлгүсүндөгү сайсыз курал жана ага тиешелүү 32 даана ок табылып алынган.
Ошондой эле 1977-жылы туулган М.Н. аттуу жарандан ИЖ-56 "Белка" үлгүсүндөгү 1 даана курал табылды.
Аталган жарандардын бардыгы ички иштер бөлүмүнө жеткирилип, тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, соттук экспертизалар дайындалды. Тергөө уланууда.
Чүйдө куралды мыйзамсыз колдонгон шектүүлөр кармалды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан