Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуев Айыл чарба министрлигин сугат суу тарифтери боюнча элге түшүндүрүү иштерин жүргүзүүгө чакырды.
Эл өкүлү парламент жыйынында билдиргендей, Кара-Суу районунда ага дыйкандар жазгы-талаа жумуштарына байланыштуу бир топ маселелер менен кайрылышкан.
"Алардын ичинен эң көйгөйлүүсү - суу маселеси. Быйыл сугат сууга акы жаңы ыкма менен төлөнөт экен. Мурда 1 гектарга белгиленген сумма болсо, быйыл суунун көлөмүнө карата төлөнөт. Анын акысы бир топ жогору чыгат экен.
Ошондуктан Айыл чарба министрлиги, мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү дыйкандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүшсө",- деди депутат.
Ал кошумчалагандай, учурда дыйкандар сугат суу тарифтери, анын өлчөө механизмдерине тынчсызданып жатышат.