Биз социалдык тармакта

Депутат Караколдогу тарыхый имараттарды сактоо боюнча сунуш айтты (видео)

Жогорку Кеңештин депутаты Рахат Жунушбаева Каракол шаарындагы тарыхый имараттар бузулуп жатканын айтып, аларды сактап калууга чакырды. Мындай пикирин эл өкүлү парламенттин 1-апрелдеги жыйынында айтты.

"Каракол шаары 19-кылымдын аягында жана 20-кылымдын башындагы уникалдуу архитектураны сактап калган ачык асман алдындагы шаар, музей десек болот. Бирок бүгүнкү күндө шаардын тарыхый борборундагы уникалдуу имараттар бузулуп жатат. Биз ага күбө болуп жатабыз. Ал тарыхый имараттардын так саны белгиленген эмес.

Каракол шаарына тарыхый мурас аймагын ачуу боюнча сунушум бар эле. Мында биз тарыхый имараттарды сактоо менен бирге инвестиция дагы тарта алабыз. ЮНЕСКО сыяктуу уюмдардан реставрацияга грант алуу мүмкүнчүлүгү болот",- дейт депутат.

Депутат Караколдогу тарыхый имараттарды сактоо боюнча
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан