Биз социалдык тармакта

Жабылды, айып пул салынды... УКМК 19 медресени текшерүүгө алды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети 19 диний билим берүү мекемесинде текшерүү иштери жүргүзүлгөнүн билдирди.

Атайын кызмат натыйжада, зарыл болгон уруксат документтеринин жоктугунан улам 3 медресе жабылып, аларга карата тергөө иштери башталганын белгиледи. Мындан тышкары, санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди одоно бузгандыгы үчүн 2 медресеге айып пул салынып, ишмердүүлүгү убактылуу токтотулган. Ал эми 4 медресеге майда кемчиликтерди жоюу боюнча эскертүү берилген.

"Айрым медреселердеги диний адабияттар талап кылынган текшерүүдөн өтпөй калгандыктан, Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгына карап чыгууга жана бекитүүгө жөнөтүлгөн",- деп айтылат маалыматта.

УКМК 19 медересени текшерүүгө алды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан