Биз социалдык тармакта

Бишкекте унаа уурдоого шектелип 18 жаштагы жаран кармалды

Бишкек шаарында унаа уурдоого шектелип 18 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу 1-апрелде Биринчи Май райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 29-мартта саат 03:25 чамасында Чыңгыз Айтматов проспектинде жайгашкан ресто-барлардын биринин алдында белгисиз жаран Б.А. аттуу жарандын ак түстөгү Toyota Prius үлгүсүндөгү унаасын мыйзамсыз ээлеп алып, белгисиз багытка айдап кеткен.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 211-беренеси (Автомототранспорт каражаттарын айдап качуу) боюнча кылмыш иши козголгон.

Ыкчам-издөө иш-чараларынын натыйжасында 2007-жылы туулган Ш.Б. аттуу шектүү кармалды. Учурда тергөө иштери улантылууда.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан