Бишкек шаарында бүгүн, 1-апрелде кол күрөш боюнча жаштар жана өспүрүмдөр арасындагы биринчилик, ошондой эле чоңдор арасындагы Кыргыз Республикасынын чемпиондугу старт алды. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, ачылыш аземине Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин алдындагы Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын директорунун орун басары Каныбек Думанаев катышты.
Мелдешке өлкөнүн жети дубанынан келген 400дөн ашуун спортчу катышып, күч сынашууда. Жеңүүчүлөр Азия жана дүйнө чемпиондуктарына жолдомо алышат.
Спорттук таймаштар 3-апрелге чейин уланат.