
Президенттин басма сөз катчысы
Аскат Алагөзов Euronews мекемесинин директорлор кеңешинин төрагасы
Педро Варгас Давид менен жолугушту. Бул тууралуу ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Айтымында, жолугушууда Кыргызстанды европалык медиа-платформаларда кеңири чагылдыруу боюнча кызматташтык талкууланган.
"Өлкөнүн туристтик, экономикалык жана инвестициялык потенциалын, ошондой эле актуалдуу саясий позициясын эл аралык аудиторияга жеткирүү боюнча иштер улантылат. Кыргызстан эл аралык медиа менен ачык диалогго жана натыйжалуу кызматташууга дайым даяр",- деп билдирди Алагөзов.