Биз социалдык тармакта

Грециянын Крит аралын кумдуу бороон каптады (сүрөт, видео)

Сахарадан келген кум бороону Грециянын Крит аралын каптап, айрым аба каттамдары убактылуу токтотулду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып, видео бөлүштү.

Анда маалымдалгандай, бул кубулуш асманды кызгылт сары түскө боёп, адаттан тыш атмосфераны жаратып, көрүү мүмкүнчүлүгүн азайткан. Буга байланыштуу Ираклион шаарынын аймагында айрым аба каттамдар убактылуу токтотулду.

Жергиликтүү бийлик тургундарга жана туристтерге мүмкүн болушунча үйдө болууну жана көчөдө ашыкча жүрбөөнү сунуштады. Айрыкча дем алуу органдарынын оорулары бар адамдарга этият болуу эскертилди. Метеорологдордун божомолу боюнча, аба ырайы жакын арада өзгөрүп, абадагы чаңдын деңгээли акырындап азайышы мүмкүн.

Грециянын Крит аралын кумдуу бороон каптады
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан