
Бишкек шаарында денеге оор залал келтирүү фактысы боюнча шектүү кармалды. Бул тууралуу 2-апрелде Ленин райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бобулов көчөсүндө белгисиз жарандар мушташып, чыр-чатак учурунда К.И. аттуу жаран курч буюмдан жаракат алган.
Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси (Ден соолукка оор залал келтирүү) менен кылмыш иши козголгон. Ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө 1986-жылы туулган Д.М. аттуу шектүү кармалды. Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.