Биз социалдык тармакта

Сокулукта үй сатууга байланышкан алдамчылыкка шектүү кармалды 

Чүй облусунда үй сатууга байланышкан алдамчылыкка шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу облустук милициядан билдиришти.

Маалым болгондой, мындан эки жыл мурун Сокулук районунун тургуну милицияга арыз менен кайрылган. Ал 2022-жылы бир жаран ишенимине кирип, Сокулуктагы үйүн 1,7 миллион сомго сатуу боюнча келишим түзүп, алдын ала 1,6 миллион сом алып, бирок үйдү башка адамдарга сатып жибергенин билдирген. Акчаны кайтарбай, байланышка чыкпай кеткен.

Бул окуя боюнча кылмыш иши козголуп, быйыл 27-мартта шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөө уланууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан